Гидрометеорологиялык кызмат (Кыргызгидромет)
Байланыштар
Юридикалык дарек: Бишкек, Керимбеков к., 1
Телефон: 0 (312) 31-47-45
Электрондук почта: meteo@meteo.kg
Web: meteo.kg
Кызматы, милдеттери жана функциялары
Жалпы жоболор
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Министрликке төмөнкүдөй сунуштарды киргизет: гидрометеорологиялык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык гидрометеорологиялык ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;
- гидрометеорологиялык байкоолордун улуттук тутумун өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
- түзүлгөн метеорологиялык, агрометеорологиялык жана гидрологиялык шарттар, Кыргыз Республикасынын аймагында айлана-чөйрөнүн булгануусу, ошондой эле кар көчкү коопсуздугу жөнүндө маалыматка системалык талдоо жүргүзөт жана аны жалпылайт;
- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана маалымат системаларын, мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү боюнча милдеттерди ишке ашырат;
- аба ырайынын, дарыядагы суулардын деңгээлинин, суу сактагычтарга кирүүчү суулардын агымынын, көчкүлөрдүн абалынын, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын, жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусунун экстремалдык жогорку деңгээлдеринин болжолун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн фенологиялык болжолун түзөт;
- өнөр жай-чарбалык объекттерди долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо гидрометеорологиялык негиздөө, улуттук экономиканын узак мөөнөткө өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон гидрометеорологиялык маалыматтардын жана жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусу жөнүндө маалыматтардын Мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат;
- климаттык, агроклиматтык, гидрологиялык, кар көчкү боюнча илимий-колдонмо жана башка маалымдамаларды түзөт жана басып чыгарууга даярдайт;
- кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар же атмосфералык абанын, суунун, кыртыштын булгануусу менен шартталган табигый кырсыктардын, авариялардын жана катастрофалардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик жана ведомстволук комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;
- Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунда жана КМШга катышкан мамлекеттердин гидрометеорология боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында климат, ага адаптациялоо, климаттык тейлөө жана климат менен байланышкан башка маселелер боюнча улуттук ведомстволор аралык жана региондук комиссиялардын ишине катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- метеорологиялык, гидрологиялык, кар көчкү боюнча, гляциологиялык жана агрометеорологиялык шарттардын, айыл чарба жана жайыт өсүмдүктөрүнүн, жаратылыш чөйрөсүнүн абалына, анын ичинде радиациялык абалга системалуу байкоолорду жүргүзөт жана бул маалыматтарды жыйноону, талдоону, жалпылоону камсыз кылат;
- өлчөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү ишке ашырууну, метрологиянын жана стандартташтыруунун эрежелерин сактоону камсыз кылат;
- Бүткүл дүйнөлүк метрология уюмунун Байкоолордун интеграцияланган глобалдык системасынын алкагында эл аралык маалымат алмашууларга катышат;
- күтүлүп жаткан кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар, аба ырайынын болжолу жана алардын чарбалык иштерге тийгизүүчү таасири жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкты маалымдоону камсыз кылат;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте суу ресурстарын (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча) жана аларды суу кадастрын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасы боюнча пайдаланууну мамлекеттик эсепке алат;
- мөңгүлөргө, кар көчкүлөргө мониторинг жана алардын кадастрларын жүргүзөт;
- суу боюнча Улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;
3) кызмат көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде адистештирилген маалыматтарды (метеорологиялык, гидрологиялык, агрометеорологиялык жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын атмосферасындагы булганган заттардын фондук концентрациялары боюнча) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- маалыматтык продукциянын өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;
- Кыргызгидрометтин компетенциясына кирген маселелер боюнча адистештирилген (максаттуу) гидрометеорологиялык камсыздоонун ыкмаларын өнүктүрөт;
- гидрометеорологиялык маалыматтарды жыйноону, иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыз кылуучу шаймандар жана жабдуулар, запастык тетиктер менен байкоо тармактарын жабдуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргызгидрометтин байкоо тармактарынын кызматтык турак имараттарын жана курулмаларын жакшы абалда кармоого колдоо көрсөтүү боюнча оңдоокалыбына келтирүү иш-чараларын аткарат;
- кар көчкү коркунучу бар участокторду жана аймактарды экспедициялык изилдөө боюнча ишчараларга катышат, республиканын аймагындагы калктын жана чарбалык объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кар көчкүнү алдын ала (атайлап) түшүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызгидрометтин инженердиктехникалык курамын аттестациялоону уюштурат;
- гидрометеорология жана ага жакын тармактардагы, жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусуна мониторинг жүргүзүү жана кар көчкүгө каршы коопсуздук боюнча адистердин квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштурат, тиешелүү иш багытындагы студенттердин өндүрүштүк практикасын камсыздайт;
- эл аралык долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат, бардык келип түшүү булактары боюнча финансылык каражаттардын, инвестициялардын, гуманитардык жардамдардын келип түшүүсүн жана пайдаланылышын эсепке алууну уюштурат;
- Кыргызгидрометтин карамагына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;
- ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдар жана кызматтар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
Тарыхый маалымдама
Кыргызстандын аймагындагы биринчи метеорологиялык станцияны орус саякатчысы Н. Северцев 1856-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында. Жаан-чачынга, абанын температурасына, атмосфералык кубулуштарга байкоолор жүргүзүлдү.
1881-жылы Ош шаарында аба ырайы үзгүлтүксүз байкала баштаган, ошол эле жылы сентябрь айында артиллериянын подполковниги Ярослав Корольков уюштурган Каракол метеорологиялык станциясы ачылып, 1933-жылга чейин метеорологиялык байкоолорду жүргүзгөн.
менен аскердик чепте 1881-жылдын октябрында. Гүлчө, үчүнчү метеостанция пайда болду. Метеорологиялык жай парад аянтчасында казарманын так жанында жайгашып, кабина, флюгер, күн сааты жана жамгыр өлчөгүч орнотулган. Биринчи байкоочу болуп сержант С.М. Долгополов. Станция эки жыл иштеди. Айылда тынымсыз байкоолор. Гүлчө 1937-жылы гана жаңыланган.
1885-жылы Нарында метеорологиялык пост ачылган.
Бул алгачкы метеорологиялык станциялардан кийин Эркештам (1889), Рыбачье (1894), Токмак (1895) жана Пишпек (азыркы Бишкек, 1896) аскер чептеринде станциялар пайда болуп, бир аз кийин Арасанда (1903), Жергиталеде (1903) станциялар ачылган. 1909), дарыянын оозунда. Тос (1913), Кочкордо (1913).
Ошол жылдары метеорологиялык объекттердеги жабдуулар примитивдүү болгон, ал чоң жыгач таянычтарга орнотулган. Сайттар, эң жакшысы, тосмо менен тосулган. Жыгач мамылар флюгердик мамылар катары кызмат кылган. Тармакка ондон бир аз ашык метеорологиялык станциялар жана жыйырмага жакын гидрометеорологиялык посттор кирди. Бирдиктуу байкоо техникасынын жоктугу, начар приборлор, байкоолордо үзгүлтүккө учуратуу – мунун баары байкоо материалдарынын баалуулугун төмөндөттү. Бирок, чогултулган гидрометеорологиялык материалдар Кыргызстандын жаратылышын жана климатын изилдөөгө баа жеткис салым кошкон.
1926-жылы 18-июлда Кыргыз АССРинин Наркоземде метеорологиялык бюро түзүлгөн. Бул күн Кыргызстандын Гидрометеорология кызматынын түзүлгөн күнү деп эсептелет.