“Авиациялык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасы”
Байланыштар
Юридикалык дарек: Аламүдүн району Байтик Баатыр айылы, Линейная көчөсү 100
Телефон номери: 0(312) 421745
Эл.дареги: info@aviames.kg
Кызматы, милдеттери жана функциялары
Жалпы жоболор
1. "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары Министрлик) карайт жана "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиация департаменти" мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттери боюнча укуктук мураскер болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Министрликтин нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Департаменттин толук расмий аталышы төмөнкүдөй:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Авиационное предприятие при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
- англис тилинде: State aviation e№terprise under the Ministry of emergency situation of the Kyrgyz Republic.
Кыскартылган расмий аталышы төмөнкүдөй:
- мамлекеттик тилде: "ӨКМ АИМИ";
- расмий тилде: "ГПАП МЧС";
- англис тилинде: "SAEMES".
5. Департамент чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнчө мүлккө ээ жана өзүнүн ишин өзүн-өзү актоонун негизинде жүргүзөт.
Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
Ишкананын юридикалык дареги төмөнкүдөй: Кыргыз Республикасы, 720062, Бишкек шаары, "Манас" эл аралык аэропорту.
6. Бул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
II. Ишкананын негизги милдеттери жана функциялары
7. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу боюнча авиациялык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин тапшырмасы боюнча авиациялык иштерди жүргүзүү;
- литердик учууларды аткаруу;
- издөө, авариялык-куткаруу иштерин, санитардык жана табийгатты коргоо иш-чараларын өткөрүүдө авиациялык жардам көрсөтүү;
- учууларды, аба ташууларын жана аба кемелерин коопсуз пайдаланууну уюштуруу жана аткаруу;
- чарба жүргүзүү укугунда берилген жана башка мүлктөрдү тиешелүү түрдө кармоо үчүн чараларды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул уставга ылайык башка ишти жүргүзүү.
8. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү боюнча транспорттук жана башка түрдөгү учууларды аба ташууларын жөнгө салган документтерге ылайык уюштурат жана жүргүзөт;
- издөө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин тапшырмалары боюнча аба ташууларын уюштурат жана аткарат;
- санитардык жана табийгатты коргоо иш-чараларын өткөрүүдө учууларды аткарат;
- учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын жана жарандык авиациянын эл аралык уюмдарынын нормативдик укуктук актыларына ылайык учуу иштерин уюштурат жана аткарат;
- учуучу жана техникалык персоналдын учуу даярдыгын, квалификациясын жогорулатууну, машыгуусун жана текшерүүсүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы талаптарына ылайык өткөрөт;
- учуу ишин аба кемелерин техникалык тейлөөнү, авиациялык техниканы учуудагы пайдаланууну, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында учууларды аткарууну уюштурууну жөнгө салуучу документтерди иликтөө боюнча командалык, учуучу жана инженердик-техникалык персонал менен иш-чараларды өткөрөт;
- аба кемелеринин жаңы типтерин өздөштүрүү жана киргизүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- авиациялык кырсыктардын саны, бул кырсыктардын себептери жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгат, учуу ишин уюштурууну жакшыртуу жана учуулардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды иштен чыгат жана жүзөгө ашырат;
- учуу-конуу тилкелерин жана учууларды аткаруу үчүн аянтчаларды иштетүүнүн, оңдоонун, реконструкциялоонун жана кармоонун маселелеринде аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттенет;
- Ишкананын авиациялык техникасын калыбына келтирүү жана жаңылоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн инвестициялык каражаттарды табуу жана белгиленген тартипте тартуу менен алектенет;
- калкты жана курчап турган чөйрөнү өзгөчө кырдаалдардын коргоого багытталган сунуштарды, схемаларды даярдоого өзүнүн компетенциясынын чегинде катышат;
- юридикалык жана жеке, анын ичинде чет элдик жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аба кемелерин пайдаланууну алардын аба ташууларына болгон муктаждыгын эске алуу менен жана учуулардын коопсуздугун сактоо менен жүргүзөт;
- жарандык авиация жаатындагы нормативдик документтерге, регламенттерге жана иштеп чыгуучу көрсөткөн технологияларга ылайык аба кемелеринин учууга жарактуулугун кармап турат;
- өнөр жайдын бюллетендери жана техникалык тапшырмалар боюнча авиациялык техниканы толук иштеп чыгууну аткарат;
- түзүлгөн келишимдердин негизинде башка, анын ичинде чет элдик авиакомпаниялардын рейстерине авиабилеттерди сатуу боюнча агент боло алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргызстандын аймагында, ошондой эле чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандарынан адистерди окутат жана кайра даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иштин башка түрлөрүн аткарат.
Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма-каршы келбеген иш үчүн колдонот.
III. Ишкананын укуктары
9. Ишкана ушул уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана милдеттерди аткарууга;
- бардык юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Ишкананын чарбалык карамагындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- өзүнө чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү менчик ээси менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
- Ишкананын уставдык милдеттерине жана максаттарына ылайык юридикалык жана жеке, анын ичинде чет элдик жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Ишкананын уставдык максаттарына ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- аба мейкиндигин жана аба кемелерин колдонуу, ошондой эле аба кыймылын башкаруу маселелери боюнча иш-чараларды жана иштерди пландоого, координациялоого жана ишке ашырууга катышуу үчүн өзүнүн өкүлдөрүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана алардын ведомстволук ишканаларына жиберүүгө;
- ведомстволук нормативдик актыларды, документтерди, маалымдама, статистикалык жана Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон башка материалдарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, ишканалардан жана уюмдардан алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган авиациялык коммерциялык ташууларды жана чарбалык иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды, башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- консультациялар үчүн, ошондой эле башка милдеттери аткаруу жана чечүү үчүн Тараптардын макулдашуусу боюнча төлөм менен адистерди түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө юридикалык жана жеке жактардан улуттук, ошондой эле чет элдик валютада коммерциялык негизде алынуучу кредиттик каражаттарды колдонууга, ошондой эле өзүнүн каражаттарынын эсебинен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде юридикалык жана жеке жактарга займдарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга;
- мыйзамда белгиленген тартипте каражаттарды биргелешкен ишканаларга инвестициялоого, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен акционердик жана башка коомдорго жана бирикмелерге кирүүгө;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
- Ишкананын эсебинен кызматкерлерди кошумча адистиктерге окутууга, алардын билим деңгээлин жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- министр менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык санын бекитүүгө;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн Ишканага жарандарды тартууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн формаларын жана системасын аныктоого жана жумуш мезгилин суммалык эсепке алууну киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
- кызматкерлерди социалдык, медициналык жана милдеттүү түрдөгү камсыздандыруунун башка түрлөрүн жүргүзүүгө, алар үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эс алуу күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө.
10. Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
IV. Ишкананы башкаруу
11. Ишкананын ишин башкарууну директор жүргүзөт, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Директордун эки орун басары болот, алар Ишкананын директорунун сунушу боюнча өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Ишкананын башкы бухгалтери Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Министрликтин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүргүзүү;
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орунбасарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктүн тиешелүү колдонулуусуна жана сакталуусуна контролдук жүргүзүү;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын макулдашуу;
- Ишкананын киреше жана чыгаша сметаларын макулдашуу;
- Ишкананын жетекчилигине тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү.
13. Ишкананын директору:
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн түз баш ийет;
- Ишкананын ишине жетекчилик кылат жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Өкмөттүн жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним каты жок эле Ишкананын атынан иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциянын сотторунда анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын директорунун орунбасары кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди министрге сунуш кылат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы бухгалтерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- директордун орун басарларынын, башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, эмгек акыны төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча киреше жана чыгаша сметаларын бекитет;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Ишкананын мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Ишкананын жылдык жана учурдагы иш пландарын бекитет;
- Ишкананын кадрдык курамын тандоону жүргүзөт;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- кызматтык нускамаларды, иш режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жоболорду бекитет;
- кызматкерлерге, анын ичинде башкы бухгалтерге сыйлоочу жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле алардын учуулардын коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарына ылайык келбей калгандыгын тапканда, Ишкананын кызматкерлерин кызматтык милдеттерди аткаруудан четтетет;
- Уставка ылайык Министрликтин компетенциясына киргендерин кошпогондо, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди аткарат.
14. Ишкана Ишкананын кызматкерлерин аскердик эсепке алууну киргизүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу иш-чараларын ишке ашырууну камсыз кылат.
15. Ишкана кесиптик иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация департаменти жана аба транспортун пайдалануучулар менен Аба кодексинин талаптарынын жана атайын нормативдик документтердин, ошондой эле келишимдик жарандык укуктук мамилелердин негизинде юридикалык жак катары өз ара мамилелерди түзөт.
Эмгек жамаатты өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
V. Ишкананын мүлкү жана финансы
16. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ээ болот, колдонот жана тескейт.
17. Коммерциялык аба ташууларын, авиациялык иштердин башка түрлөрүн аткаруунун, аба кемелерин, аба транспортунун башка пайдалануучуларын перрондук тейлөөнүн эсебинен, ошондой эле аба кемелери менен кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде кызматтык жайларды берүүнүн, башка кызматтарды көрсөтүүнүн эсебинен алынуучу финансылык каражаттар менчик ээсинин макулдугу менен Ишкананын өзүн өзү каржылоосу үчүн колдонулат.
18. Негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар Ишкананын мүлкүн түзөт.
Уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана колдонулуучу мүлкүн алууга жол берилет.
19. Ишкананын мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- уюштуруучу тарабынан ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлк;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке, анын ичинде чет элдик жактар менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштерди аткаруудан жана кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
- тышкы экономикалык иштен алынган чет элдик валютадагы каражаттар;
- банктардын жана башка кредит берүүчүлөрдүн кредиттери;
- бюджеттик ссудалар;
- кайтарымсыз же кайрымдуулук салымдары;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын ыктыярдуу төлөмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
20. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк Ишканага таандык болот жана анын балансында эсепке алынууга тийиш.
Менчик ээсинин макулдугусуз Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары кошууга же ушул мүлктү башка ыкмалар менен тескөөгө укуксуз.
Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон калган мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча тескейт.
22. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык бюджеттик салыктарды, чегерүүлөрдү жана бюджетке төлөмдөрдү, кредиттер боюнча жана башка заемдук каражаттар боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыргандан кийин Ишкананын таза кирешеси түзүлөт, ал уюштуруучунун менчиги болуп эсептелет жана ишкердикти жүргүзүү үчүн Ишканага бекитилет.
Таза киреше төмөнкүлөр үчүн колдонулушу мүмкүн:
- Ишкананын чарбалык-финансылык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана алардын квалификациясын жогорулатууга;
- илимий-изилдөө иштерин өткөрүүгө, рыноктун, керектөөчүлүк сурамдын конъюнктурасын, маркетингди иликтеп-үйрөнүүгө;
- Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүн жарнак кылууга;
- жаңы техниканы жана технологияны киргизүүгө, өздөштүрүүгө.
22-1. Жылдык финансылык чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 проценттен кем эмеси отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке андан ары жиберүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин алыш-бериш эсебине которулат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №772 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук
23. Ишкана өзүнүн ишин өз алдынча иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт.
24. Ишкананын иш пландарынын негизин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар, жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерди жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
25. Ишкана өзүнүн ишинин натыйжасынын оперативдүү чарбалык, бухгалтердик эсепке алуусун жана статистикалык отчеттуулугун жүргүзөт, ошондой эле өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга берет.
26. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү салык, табийгат коргоо жана башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
VII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
27. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Ишкананын ишин токтотуу уюштуруучунун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
29. Ишкананын иши токтотулгандан кийин калган мүлк жоюу комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
30. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Тарыхый маалымдама
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, каттамдарды жүргүзүү, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, медициналык жардам көрсөтүү жана санитардык жана экологиялык иш-чараларды жүргүзүү функцияларын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы № 848 токтому Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиация департаменти. 2009-жылы Авиация департаменти «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиациялык ишканасы» мамлекеттик ишканасы болуп кайра түзүлгөн.