Апааттык медицина кызматы

Байланыштар

Юридикалык дареги: Бишкек шаары, С.Кийизбаев көчөсү 206а

Телефону: (312) 53-01-73

Электрондук дареги: medkyzmaty@gmail.com 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат) (мындан ары - Кызмат) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда, авариялык-куткаруу операцияларын жүргүзүүдө жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар комплексин камсыздоочу, ошондой эле Министрликтин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык коргонуу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кызматтын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат)";

- расмий тилде: "Служба медицины катастроф (Медицинская служба) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

4. Кызматтын юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1.

5. Кызмат мекеменин укуктук-уюштуруу формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар.

6. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.

2-глава. Кызматтын максаты, милдеттери жана укуктары

7. Кызматтын ишинин максаты саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте өзгөчө кырдаалдарда, өзгөчө абалда, согуш абалында шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.

8. Кызмат табигый кырсыктарда, аварияларда, апааттарда, эпидемияларда, локалдуу куралдуу кагылышууларда, террористтик актыларда жана башка өзгөчө кырдаалдарда калкты медициналык-санитардык камсыздоо боюнча иш-чаралар комплексин жүргүзүүгө, калкка шашылыш жардам көрсөтүүгө, мамлекеттик органдар менен саламаттык сактоо уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынчтык мезгилинде Министрликтин кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык кызмат көрсөтүүгө жана пландуу медициналык кароолорду өткөрүүдө Министрликке кызматкерлерди кесиптик психологиялык тандоо жүргүзүүгө арналган.

9. Кызматтын негизги милдеттери:

1) башка органдардын жана уюмдардын медициналык персоналын тартуу менен өзгөчө кырдаалдар учурунда калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу үчүн мобилдүү госпиталды жайгаштыруу;

2) өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү;

3) өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарга медициналык эвакуация жүргүзүү;

4) өзгөчө кырдаалдарда санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

5) медициналык мекемелердин өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу;

6) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда медициналык мекемелердин жана бөлүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялоо;

7) өзгөчө кырдаалдарда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча калкты окутуунун жана куткаруучуларды даярдоонун методикалык негиздерин иштеп чыгуу;

8) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин болжолдоо жана баалоо;

9) өзгөчө кырдаалдардын шарттарында медициналык-санитардык мүнөздөгү маалыматтарды жыйноо, иштеп чыгуу, алмашуу, талдоо жана берүү;

10) медициналык мүлктүн жана материалдык-техникалык каражаттардын резервин алдын ала түзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жабыр тарткандардын санын эске алуу менен дары-дармектерди шашылыш жеткирүүнү камсыз кылуу;

11) тынчтык мезгилинде штаттан тышкаркы аскердик-дарыгердик комиссиянын (АДК) иштеши;

12) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн аскердик-дарыгердик экспертиза жүргүзүү, алардын жарааттарынын, контузияларынын, травмаларынын, майып болушунун, ооруларынын аскердик кызмат өтөөгө себептик байланышын аныктоо;

13) Министрликтин кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү, Министрликтин кызматкерлерин пландуу медициналык кароодон өткөрүү, Министрликтин бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин психологиялык тандоо жүргүзүү;

14) өзгөчө кырдаалдарда калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды координациялоо;

15) апааттык медицина жаатындагы эл аралык кызматташууга катышуу.

16) медициналык-санитардык камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүү үчүн медициналык автомобиль техникасын, мобилдүү госпиталды колдонуу жана зарыл болгон учурда медициналык персоналды тартуу менен жана жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча тынчтык мезгилде жарандык калкка медициналык жардам көрсөтүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкү функцияларды аткарат:

1) өзгөчө кырдаалдарда калкты медициналык-санитардык жактан камсыз кылууну стратегиялык пландоо;

2) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин жоюуда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын саламаттык сактоо күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу (координациялоо);

3) илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен ар кандай кырдаалды жана медициналык шарттарды моделдөө жана болжолдоо;

4) медициналык жана башка багыттагы ыктыярчылардын ишин координациялоо.

11. Кызмат жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;

2) ыкчам нөөмөттүк шашылыш жардам кызматтарынан жана өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик түзүмдөрдөн, нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардан болжолдонгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, туруктуу даярдыктагы күчтөрдүн жана каражаттардын абалы жөнүндө ыкчам маалыматтарды, документтерди, материалдарды, маалымкаттарды жана башка маалыматтарды, кырдаал боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштер жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте суроого жана алууга;

3) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

3-глава. Кызматтын ишин уюштуруу

12. Кызмат аскер кызматчылары жана жарандык персонал менен толукталат.

13. Кызматтын өздүк курамы символикасы жана айырмалоо белгилери бар атайын жана ведомстволук кийим менен камсыз кылынат.

Атайын техника Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри (мындан ары - министр) тарабынан бекитилген символика жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын сигналдар менен жабдылат.

14. Кызматтын ишин Министрлик координациялайт жана контролдойт.

Кызмат өзгөчө кырдаалдарда саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча калкты медициналык-санитардык камсыздоо боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялайт.

Тынчтык мезгилинде Кызмат Министрликтин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөөнү камсыз кылат.

15. Кызматты министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.

Директордун орун басары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кызматтын ишин бөлүштүрүлгөн функциялык милдеттерге ылайык уюштурат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.

Кызматтын түзүмүн, башкаруу схемасын министр бекитет.

16. Кызматтын директору:

1) түздөн-түз министрге, анын тапшырмасы боюнча министрдин тейлөөчү орун басарына баш ийет жана Кызматтын бүткүл өздүк курамы үчүн түздөн-түз башчы болуп эсептелет;

2) Кызматтын ишин жетектейт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштердин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;

4) Кызматтын атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын таламдарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;

5) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;

7) Кызматтын түзүмүн жана штаттык расписаниесин министрдин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча министрдин бекитүүсүнө киргизет;

8) Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;

9) Кызматтын кызматкерлерин эмгек мыйзамдарга ылайык кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот.

10) коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

 

4-глава. Кызматты каржылоо

17. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп бухгалтердик жана статистикалык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

18. Кызматты күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.

5-глава. Корутунду жоболор

19. Кызматты кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

20. Кызматтын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу