1982-жылы 10-декабрда туулган Улуту – кыргыз Билими жогорку: 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган Адистиги: юриспруденция Аскердик билими: 2016-жылы Россиянын ӨКМнин Жарандык коргонуу академиясын аяктаган Эмгек жолу: 2009–2011-жж. КР ӨКМдин Ыкчам башкармалыгынын командалык пунктунун ыкчам нөөмөтчүсү; 2011–2013-жж. КР ӨКМдин Орук камсыздоо бөлүмүнүн офицери; 2013–2014-жж. КР ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын ыкчам бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсү; 2014-ж. апрелинен августуна чейин ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн улук офицери; 2014–2016-жж. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында угуучу; 2016–2017-жж. ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы; 2017–2020-жж. ӨКМдин Орук башкармалыгынын коммуналдык-эксплуатациялык бөлүмчөсүнүн башчысы; 2020–2021-жж. ӨКМдин алдындагы Суучулдарды даярдоо борборунун башчысы; 2021–2025-жж. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы;
Сыйлыктары: КР ӨКМдин “Мыкты аскердик кызматы үчүн” I даражадагы медалы; КР ӨКМдин “Мыкты аскердик кызматы үчүн” II даражадагы медалы; Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн медалы; Жазаларды аткаруу кызматынын “Устат” медалы. |