ӨК министринин орун басары

Жумалиев  Нурбек  Алмазбекович 

Жумалиев  Нурбек  Алмазбекович 

- 1973-жылдын 25-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.

- Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.

Билими:

- 1981–1991-жж. – Т. Турсунбаева атындагы орто мектепте билим алган.

- 1991–1996-жж. – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктап, «Дарыя курулмаларын жана ГЭСтерди куруу» (инженер-гидротехник) адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1996–1998-жж. – 55666 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде звено башчысы;

- 1998–2001-жж. – Жумгал суу чарба башкармалыгында техник, инженер жана жетектөөчү инженер;

- 2001–2004-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматында жетектөчү адис, бөлүм башчынын орун басары;

- 2004–2007-жж. – Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Ички чарбалык сугат» долбоору боюнча инженер-консультант;

- 2007–2025-жж. – «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматында бөлүм башчы, башкы инженер - башкармалыктын орун басары, Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы;

- 2025-ж. – КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде (АРИС) суу пайдалануу боюнча инженер;

- 2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын мартына чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн координатору болуп кызмат өтөп келген.

Сыйлыктары:

Бир катар ведомстволук сыйлыктардын ээси.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу