ӨК министринин орун басары
Сулайманов Искендер Кубатович
- 1985-жылы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. - Улуту – кыргыз. - Аскердик наамы – полковник. Билими: - 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Бишкек Жогорку аскердик окуу жайын “Мотоаткычтар аскердик тактика командири жана аскердик бөлүктөр менен башкаруу”- инженер адистигин аяктаган; - 2015-жылы Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу Академиясын (артыкчылык менен) аяктаган; Эмгек жолу: - 2007-жылдан 2021-жылга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар түрдүү түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн. - 2021-жылдын 9-февралынан 27-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси; - 2022-2023-жж. КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси; - 2023-2025-жж. КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары; - 2025-2026-жж. КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеп келген. Сыйлыктары: - Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары; - 2010-жылдын июнь айында Ош облусунун аймагында этностор аралык кагылышуулар мезгилинде, социалдык - экономикалык абалды турукташтырууга катышкандыгы үчүн КР Ички иштер министрлигинин III даражадагы “Азамат” медалы; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлүшүнүн 20 жылдыгына карата КР Премьер-министринин “Алкышы”; - КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Мыкты аскердик кызматы үчүн” I, II даражадагы жана “Кынтыксыз кызматы өтөгөндүгү үчүн” II, III даражадагы медалдары; - “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” жана “Эмгек сиңиргендиги үчүн” медалдары; - Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо Академиясынын юбилейлик медалы; - “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы; - “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы; - Жогорку Кеңештин жана ЖККУнун Ардак грамотасы. |