Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри

Шамырканов Урматбек Муслинович

Шамырканов Урматбек Муслинович

1969-жылы 7-октябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган.

Аскердик наамы - генерал-майор.

Билими:

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган; 

Аскердик билими:

2008-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясын аяктаган; 

2011-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу Академиясынын аспирантурасын аяктаган;

Илимий даражасы: техника илимдеринин кандидаты (Адистиги "Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук 05.26.02);

Илимий наамы: доцент;

Эмгек жолу:

1986 – 1987-жж. – Жумгал ГКОЖИВПРОМдун (Мамлекеттик тери иштетүү жана мал чарбачылык өнөр жай ишканасы) устасы;

1987 – 1989-жж. – СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. Анын ичинде Ооганстан согушуна катышкан; 

1989 – 1990-жж. – Жумгал райондук сугат тармактар башкармалыгында тракторист;

1990 – 1996-жж. – КМУУнун студенти;

1997 – 2000-жж. – Жумгал райондук жарандык коргонуунун штаб башчысы;

2000 – 2003-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы Өзүнчө куткаруу кошуунунун командиринин орун басары;

2003 – 2004-жж. – КР ӨКМнин Ош шаарындагы Өзүнчө мобилдик куткаруу бригадасынын жарандык коргонуу күчтөрүнүн прапорщик жана сержанттарды даярдоо кафедрасында окутуучу;

2004 – 2005-жж. – КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун атайын тобокел тобунун командири - десантчы.

2005 – 2006-жж. – КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун издөө-куткаруу жана десанттык даярдык боюнча издөө-куткаруу отрядынын командиринин орун басары;

2006 – 2006-жж. – КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун издөө-куткаруу отрядынын командири;

2006 – 2008 - жж. – РФ ӨКМнин Жарандык коргонуу академиясы (угуучу);

2008 – 2011 -жж. – РФ ӨКМнин Жарандык коргонуу академиясы Адъюнктура (аспирантура).

2011 – 2013-жж. – КР ӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун башчысынын орун басары;

2013 – 2014-жж. – КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы;

2014 – 2015-жж. – КР ӨКМнин ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2015 – 2017-жж. – КР ӨКМнин ыкчам башкармалыгынын башчысы;

2017 – 2020-жж.- КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысы;

2020-2026-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

2026-жылдын февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

Мамлекеттик сыйлыктары:

«СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы» Интернационалдык парзын аткарууда керсөткөн эрдиги жана аскердик эрдиги үчүн. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Жоокер-интернационалистке 28.12.1988-ж.;

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кол сааты» Аскердик кызматтагы өзгөчөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарларында кынтыксыз кызматы үчүн;

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы» Аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына;

Ордендери: «Эмгеги үчүн», «Ооган согушунун ардагери»;

Төш белгилери: «Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн», «Экинчи даражадагы Аскердик кызматтагы өзгөчөлүгү үчүн», «Үчүнчү даражадагы кынтыксыз кызматы үчүн», «Экинчи даражадагы кынтыксыз кызматы үчүн», «Рахмат афган элинен», «СССРдин Куралдуу Күчтөрүнө 70 жыл», Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 15 жылдыгы;

Сыйлык белгилери: «Мастер-куткаруучу», «Суучул», «Инструктор-парашютист», «III класстагы альпинист», жетон «Куткаруу отряды», «КР ӨКМнин ардактуу кызматкери», «Жоокер-интернационалист», «Жумгал районунун Чаек айылынын ардактуу атуулу», «Жумгал районунун ардактуу атуулу».

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу