КР ӨК министринин биринчи орун басары

Мамбетов Азамат Муратович
1976-жылы 16-июлунда Нарын облусунун Нарын шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Улуту-кыргыз. Билими; 1998-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «инженер-гидромелиорация» адистиги боюнча аяктаган; Адистиги: Техника илимдеринин кандидаты. Эмгек жолу 1997-1999-жж. – КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун Нарын ш. штабында жетектөөчү адиси; 1999-2000-жж. – Чүй облусунун Садовое айылындагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 81497 аскер бөлүгүнүн взводунун командири; 2000-2002-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн взводунун командири; 2002-2003-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн штаб башчысынын жардамчысы; 2003-2005-жж. – КР ӨКМНин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүндө штаб башчысы; 2005-2007-жж. – Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында угуучу; 2007-2010-жж. – Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында адъюнкт; 2010-2011-жж. – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери; 2011-2012-жж. – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы; 2012 ж. 1-сентябрынан 2012 ж. 21-декабрына – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары; 2012-2014-жж. – КР ӨКМнин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы; 2014-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары; 2017-жылдын 27-октябрынан 2021-жылдын 11-ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; 2021-жылдын 3-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары. Куралдуу кагылышууларга жана тынчтыкты орнотуу операцияларына катышуу 2012-жылы Сирия Араб Республикасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча БУУнун тынчтык орнотуу миссиясын аткарган. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар 2000-жылы – чет элдик бандаларды жок кылууга согуштук аракеттерде көрсөткөн эрдиги үчүн III даражадагы “Манас” ордени; 2009-жылы – ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы медалы; 2009-жылы – ӨКМдин “Аскердик-жарандык кызматташтык үчүн” медалы; 2011-жылы – ӨКМдин “Аскердик кызматтагы айырмачылыгы үчүн” медалы; 2012-жылы – “БУУнун миссиясында аскердик байкоочу катары милдеттерин аткаргандыгы үчүн” медалы; 2013- жылы – ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн» II даражадагы медалы; 2013-жылы – “Ата Мекенден тышкары кызматтык милдетин аткаргандыгы үчүн” Ооган ардагерлер Россиялык союзунун медалы. |