КР ӨК министринин биринчи орун басары

Мамбетов Азамат Муратович

Мамбетов Азамат Муратович

1976-жылы 16-июлунда Нарын облусунун Нарын шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Улуту-кыргыз.

Билими;

1998-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «инженер-гидромелиорация» адистиги боюнча аяктаган;
2007-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясын командалык-штабдык, ыкчам-тактикалык жарандык коргонуу адистиги боюнча аяктаган;
2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясынын адъюнктурасын аяктаган.

Адистиги:
инженер-мелиоратор, командалык – штабдык жана оперативдик- тактикалык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларды жоюу боюнча эксперт.

Техника илимдеринин кандидаты. 

Эмгек жолу

1997-1999-жж. – КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун Нарын ш. штабында жетектөөчү адиси;

1999-2000-жж. – Чүй облусунун Садовое айылындагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 81497 аскер бөлүгүнүн взводунун командири;

2000-2002-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн взводунун командири;

2002-2003-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн штаб башчысынын жардамчысы;

2003-2005-жж. – КР ӨКМНин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүндө штаб башчысы;

2005-2007-жж. –  Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында угуучу;

2007-2010-жж. –  Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында адъюнкт;

2010-2011-жж.  –   КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери;

2011-2012-жж.  –  КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы;

2012 ж. 1-сентябрынан  2012 ж. 21-декабрына  – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2012-2014-жж. – КР ӨКМнин  Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;

2014-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары;

2017-жылдын 27-октябрынан 2021-жылдын 11-ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

2021-жылдын 3-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары. 

Куралдуу кагылышууларга жана тынчтыкты орнотуу операцияларына катышуу
1999-2000 жж. – Баткен облусунда чет элдик бандаларды жок кылууга активдүү катышкан;

2012-жылы Сирия Араб Республикасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча БУУнун тынчтык орнотуу миссиясын аткарган.

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар

2000-жылы  –  чет элдик бандаларды жок кылууга согуштук аракеттерде көрсөткөн эрдиги үчүн  III даражадагы “Манас” ордени;

2009-жылы  –  ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы медалы;

2009-жылы  –  ӨКМдин  “Аскердик-жарандык кызматташтык үчүн” медалы;

2011-жылы –  ӨКМдин  “Аскердик кызматтагы айырмачылыгы үчүн” медалы;

2012-жылы  – “БУУнун миссиясында аскердик байкоочу катары милдеттерин аткаргандыгы үчүн” медалы;

2013- жылы  –  ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн» II даражадагы медалы;

2013-жылы  –  “Ата Мекенден тышкары кызматтык милдетин аткаргандыгы үчүн” Ооган ардагерлер Россиялык союзунун медалы.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу