КР Өзгөчө кырдаалдар министри

Чыныбаев Канатбек Койчубекович

Чыныбаев Канатбек Койчубекович

- 1983-жылы 4-ноябрда туулган.

Билими:

- 2006-жылы – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган;

- 2018-жж. – Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу академиясын аяктаган;

Эмгек жолу:

- 2006-жылдан 2022-жылга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн;

- 2022-жылдын 15-июлунан тартып КР Куралдуу Күчтөрүнүн кадрлардын карамагында калтыруу менен КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунда иш сапарда кызматын улантып келген;

- 2026-жылдын февралынан 11-мартына чейин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

- 2026-жылдын 11-мартынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.

Сыйлыктары:

- Аскердик жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары;

-“Кынтыксыз кызматы үчүн” II даражадагы медалы;

- “Жарандык-аскердик кызматташууну чыңдоо үчүн” медалы;

- “Мыкты аскердик кызматы үчүн” II даражадагы медалы;

- “Мыкты аскердик кызматы үчүн” I даражадагы медалы.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу