Жаңылыктар
21.08.2024 19:40
Кароолор: 673
ЗЫНДАН ТОО КӨЛҮ ЖЫРЫЛЫП, ТУРГУНДАР ЭВАКУАЦИЯЛАНУУДА
21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.
Мындан улам суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшүп, адам өүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.
Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суу нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.
Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР