Жаңылыктар

26.05.2024 09:30

   Кароолор: 404

ЖЫРГАЛАҢ СУУСУНДА ИЗДӨӨ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Бүгүн, 26 май күнү Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2017-жылы туулган К.М. аттуу кызды издөө иштери улантылууда.

Жеринде ӨКМдин Каракол шаардык N15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн( ӨККБ) 5 куткаруучу, 1 моторлуу кайык менен, Түп райондук N34 ӨККБдан 6 куткаруучу , Суучулдар кызматынан 4 суучул, 1 моторлуу кайык менен жана жергиликтүү тургундардан 20 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилүү болгондой 25-май күнү Түп районунун Михайловка дачасынан Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын бири, 2016-жылы туулган Т.С нын жансыз сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан аталган суудан табылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу