Жаңылыктар
18.05.2024 10:30
Кароолор: 664
ЖЫРГАЛАҢ СУУСУНАН 2 КЫЗ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө.
19-май күнү да издөө иши уланып, ага Каракол шаардык N 15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 37 куткаруучу, облустук башкармалыктан 1 куткаруучу дрон жана 2 кайык менен тартылды.
Мындан сырткары ИИМден 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам издөөгө чыгышты.
Маалыматка ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна 2017-ж.т. К.М. жана 2016-ж.т. Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР