Жаңылыктар

20.05.2024 13:51

   Кароолор: 342

ЖЫРГАЛАҢ СУУСУНА ТҮШҮП КЕТКЕН КЫЗДАРДЫ ИЗДӨӨГӨ 218 АДАМ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 20-май күнү Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөө ишин улантууга жалпы 218 адам чыкты.

ӨКМдин Каракол шаардык №15 Өрт куткаруу бөлүгүнөн (ӨКБ) 19 куткаруучу, Ысык-Көл облустук башкармылыгынан 1 офицер, 1 дрон, 2 кайык менен, Суучулдар кызматынан 10 суучул, 2 моторлуу кайык, Түп райондук №34 ӨКБдан 15 куткаруучу тартылып, жеринде ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде штаб түзүлдү.

Мындан сырткары ИИМден 10 кызматкер, 1 моторлуу кайык, жергиликтүү тургундардан 163 адам, 6 кайык, 1 катер, суу астынан тартуучу эхолот камерасы менен, 1 скутер менен тартылды.

Такталган маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу