Жаңылыктар

21.05.2024 11:50

   Кароолор: 476

ЖЫРГАЛАҢ СУУСУНА ТҮШҮП КЕТКЕН КЫЗДАРДЫ ИЗДӨӨГӨ 161 АДАМ ЧЫКТЫ

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөө ишин улантууга бүгүн, 21-май күнү жалпы 161 адам чыкты.

Анын ичинен ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 29 куткаруучу, 3 кайык, Суучулдар кызматынан 10 суучул, 2 кайык издөөгө чыгышкан.

Ошондой эле ИИМден 10 кызматер 1 кайык, жергиликтүү тургундардан 112 адам, 4 кайык, 2 катер тартылган.

Такталган маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иши тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу