Жаңылыктар

28.05.2024 13:09

   Кароолор: 622

ЖЫРГАЛАҢ СУУСУНА ТҮШҮП КЕТКЕН ЭКИНЧИ КЫЗДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бүгүн, 28-май күнү саат 11:30да Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 7 жаштагы К.М. аттуу кыздын сөөгү көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр алыс жерден ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү суудан 25-май күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу