Жаңылыктар
31.12.2024 13:32
Кароолор: 513
ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ӨКМдин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында бүгүн, 31-декабрда министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилигинде 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган иш-чара болуп, анда өз ишинин мыкты үлгүсүн көрсөтө алган кызматкерлер сыйланып, офицерлерге аскердик наамдар тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн Азамат Мамбетов өздүк курамдын быйылкы жылда аткарган жигердүү иштериндеги жетишкендиктери, ийгиликтери тууралуу белгилеп өттү. Ошондой эле ал министрликтин жалпы курамына, аймактык жана ведомстволук мекемелердин өздүк курамдарынын иштеринде талыкпаган үзүрлүү эмгек жана күжүрмөн эрдик каалады.
Мындан сырткары министрдин биринчи орун басары майрам күндөрү өзгөчө кырдаалдардын, ар кандай кырсыктардын алдын алууга күжүрмөн даярдыкты уюштурууга тиешелүү тараптарга тапшырма берип, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу керектигин белгилеп кетти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР