Жаңылыктар
31.12.2024 14:54
Кароолор: 522
ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫНДА КУТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛЫККА ЭЭ БОЛУШТУ
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жыл ичинде үзүрлүү эмгектенген кызматкерлери сыйланышты.
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жыл ичинде жигердүү эмгектенген кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Алгач башкармалыктын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов жалпы кызматкерлердин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жыл ичиндеги жетишкендиктер, өздүк курамдын артыкчылыктары тууралуу сөз кылып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң калктын коопсуздугун сактоого багытталган иш-чараларга активдүү катышып, өзүнүн милдеттерин кынтыксыз аткарып, күжүрмөн даярдыгы боюнча жогорку жетишкендиктерди багындыргандыгы үчүн аскер кызматкерлерине министрликтин || даражадагы “Мыкты аскердик кызматы үчүн”, ||| даражадагы “Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” медалдарын жана Ардак грамоталарын тапшырды.
Ошондой эле өз өмүрүн тобокелге салган сыймыктуу куткаруучулар Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланышып, КР ИИМдин атынан башкармалыктын 2 кызматкерине Ыраазычылык каты тапшырылды.
Мындан сырткары ишинде үзүрлүү эмгеги менен өзүн көрсөткөн өздүк курамга аскердик наамдар ыйгарылып, башкармалыктын “Ардак грамоталарына” ээ болушту.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР