Жаңылыктар

08.10.2025 21:20

   Кароолор: 297

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ СУУЧУЛДАР КӨЛДӨН 76 300 метр ТОР ЧЫГАРЫШТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн Тоң районундагы көлдүн аянтын тазалап, 8-октябрь күнү кечке чейин 1900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

Тазалоо иштери бир гана көлдүн үстүнөн гана эмес суучулдар суу астына чейин түшүп бир канча тереңдиктен торлорду алып чыгууда.

Өткөн 2024-жылы суучулдар жалпы аянты 435 961,01 гектарды түзгөн суу астынан 14 125 кг таштанды, 112 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышса 2025-жылы 8-октябрга чейин 76 300 метр тор чыгарышкан.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу