Жаңылыктар

25.10.2023 12:26

   Кароолор: 1070

ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНАДА ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

25-октябрь күнү Бишкектин Ленин районунун Теңдик конушунда жайгашкан жыгач иштетүүчү ишканадан чыккан өрт саат 08:29да чектөөгө алынып, саат 11:42де толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө саат 08: 01де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Маалыматка ылайык, "ЛесПром Азия"

жыгач материалдарын иштетүүчү заводдун имаратынын ичиндеги жыгачтын калдыктары өрттөнүп, анын аянты 80 чарчы метрди түзгөн.

✅️Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ичиндеги станоктор жана имарат сакталып калды.

Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу