Жаңылыктар
04.11.2023 14:40
Кароолор: 827
ЖҮРӨГҮ МЭЭРИМГЕ ТОЛГОН КУТКАРУУЧУ: КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы борбор калаадагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген Үмүт үйүндө ишембилик өткөрүштү.
Куткаруучулардын демилгеси менен уюштурулган ишембиликте имараттын тешилген чатырлары оңдолуп, айлана- тегереги тазаланды. Ошондой эле кооптуулук жараткан бак-дарактардын бутактарын кыюу менен өз убагындагы жардам көрсөтүлдү.
Үлгүлүү иштин соңунда өмүр сактаган элдик уулдарга Үмүт үйүнүн жалпы жамааты ыраазычылык билдирип, ак сакалдар батасын беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР