Жаңылыктар

16.10.2024 04:00

   Кароолор: 135

ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮН ЭСИНЕ !!!

 

Бишкек -Ош унаа жолунун 128-134 чакырымдарында ( Төө-Ашуу ашуусунун аймагында) унаалар жайкы дөгөлөктөрү менен тайгаланып жүрө албай жол тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу 15-октябрдын саат 22:30 баштап Чүй облусунун Сосновка, саат 22: 40 баштап Жалал-Абад облусунда Арал постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген. Жеринде унаа тыгындарын жоюу үчүн ӨКМдин, Транспорт, Ички иштер министрлигинин жана Жергиликтүү бийликтердин кызматтары иш алып барууда.

Учурда Сосновка постунда 150 жеңил, 100 дөй жүк ташуучу унаалар күтүп турушат. Ал жерде жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулган. Ал эми Арал постунда 250 жеңил, 100 жүк ташуучу унаалар күтүп турат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу