Жаңылыктар
30.10.2024 09:17
Кароолор: 1327
ЖУМГАЛДЫН ТУРГУНДАРЫН ИЗДӨӨГӨ ТАҢ ЭРТЕ 104 АДАМ ЧЫГЫШТЫ
Бүгүн, 30-октябрда ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен таң эрте издөө иштерин улантуу үчнүн КР ӨКМден Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнест Дыйканбаевдин жетекчилигинде жалпы 104 адам издөө иштерине 9 дрон менен чыгышты.
Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган. Атай кетсек, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Нарын облустук башкармалыгынан жана ага караштуу райондордун куткаруучулары жеринде издөө иштерин алып барышат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.
Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР