Жаңылыктар
30.10.2024 18:17
Кароолор: 374
ЖУМГАЛДЫН ТУРГУНДАРЫН ИЗДӨӨ КЕЧ КИРГЕНДИГИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ТОКТОТУЛДУ
Жумгалдын Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу саат издөө иши убактылуу токтотулду.
Эртең кайрадан таң эрте издөө иши улантылат.
Белгилей кетсек, 30-октябрда ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнест Дыйканбаевдин жетекчилигинде жалпы 104 адам издөөгө чыгышкан.
2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР