Жаңылыктар
28.11.2023 14:28
Кароолор: 349
ЖУМГАЛДЫК СООДАГЕРЛЕРГЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО ЭСКЕРТИЛДИ
Кыргызстанда кыш мезгили башталып, от жагуу, газ жана электр энергиясын колдонуу менен жылытуунун ар кандай түрлөрүнө өтүштү.
Жылытуунун бардык түрүндө өрт кооптуулугу бар. Болгону колдонуу алдында өз тармагы боюнча атайын адистештирилген мекемелеринде иштеген адистерге текшертип алуулары зарыл.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облус аймактарындагы башкармалыктарынын, райондук ӨКБларынын адистери эл көп чогулуучу соода түйүндөрүндө, кафелерде, социалдык мекемелерде, мечиттерде да өрт коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертишүүдө.
Алсак, Нарын облусунун Жумгалындагы Чаек айыл аймагындагы соода-сатык, тамактануу түйүндөрүндө, аптекада соодагерлерге, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга өрт кырсыгы катталганда алгачкы аракеттерди көрүү боюнча нускама сабактарды өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР