Жаңылыктар

31.10.2024 19:02

   Кароолор: 357

ЖУМГАЛДАГЫ ИЗДӨӨ КЕЧ КИРГЕНДИКТЕН ТОКТОТУЛДУ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч кирип, сууктагандыгына байланыштуу саат 18:44тө токтотулду. Эртең, 1-ноябрда кайрадан таң эрте улантылат.

Эскерте кетсек, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен издөөчүлөр Жумгал районунда 22 жана Токтогул районунда 2 топко бөлүнүп издешти. Жалпысынан 116 адам чыгып, 9 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу