Жаңылыктар

13.11.2024 12:57

   Кароолор: 160

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨНҮН АКТИВДҮҮ ФАЗАСЫ ТОКТОТУЛДУ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду.

Бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ өкүлдөрү дайынсыз жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Жумгалда 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-ноябрь күнү ӨКМге келип түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келди.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен бир айга жакын издөө иштери уланып, куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейинки сандагы адамдардын коштоосунда жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу унааларынын жардамында изделип келди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу