Жаңылыктар

12.11.2024 18:09

   Кароолор: 273

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ УЛАНАТ

Нарын облусунун Жумгал районунда ата-баланы издөө иши кеч кирип калгандыгына байланыштуу токтотулду. Эртең, 13-ноябрь күнү улантылат.

Бүгүн издөөгө ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15, жалпы 32 адам чыкты. Ага кошумча 4 рация, 2 дүрбү жана 1 авариялык куткаруу унаасы тартылды.

Белгилей кетсек, жоголгон жарандарды издөө иштери ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 16-октябрь күнү түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу