Жаңылыктар
10.11.2024 08:32
Кароолор: 167
ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШТЕРИ АСКЕР КӨПҮРӨСҮНӨ ЧЕЙИН УЛАНАТ
Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн, 10-ноябрда саат 08:45те башталды.
Издөөнү координациялоо максатында ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам жалпы 22 адам чыкты. 1 дрон, 4 рация, 2 дүрбү жана 1 куткаруу унаасы тартылды.
Издөө иштери Өрнөк айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Жумгалдын Өрнөк айылынын 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу ммаалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР