Жаңылыктар

11.11.2024 09:40

   Кароолор: 364

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШИН 33 АДАМ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Бүгүн, 11-ноябрь күнү Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иштери саат 9:28де башталды.

Ага ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 33 адам жана 4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы тартылды.

Издөө иштери Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун Жумгал районунда 16-октябрь күнү 1979-ж.т. К.Б. жана уулу 2015-ж.т. С.Б. мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу