Жаңылыктар

08.11.2024 09:00

   Кароолор: 112

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШИ УЛАНУУДА

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Жумгал районунда дайынсыз жоголуп жаткан ата-баланы издөө иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам, жалпы 14 адам чыкты.

Ошондой эле 6 рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux АСМ тартылды.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө тынымсыз уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу