Жаңылыктар

06.11.2024 18:33

   Кароолор: 681

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ, ЭРТЕҢ УЛАНАТ

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголуудагы тургундарды издөө иши 6-ноябрда кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 7-ноябрда улантылат.

Издөөгө райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу жана ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам, жалпы 14 адам чыкты. 6 Рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux ACM унаасы тартылды.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери тынымсыз уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу