Жаңылыктар

10.11.2024 18:42

   Кароолор: 166

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШИ ТОКТОДУ, ЭРТЕҢ УЛАНАТ

Жумгал районунда издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 11-ноябрда улантылат.

Издөөгө ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 22 адам тартылды.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун Жумгал районунда 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана анын уулу 2015-ж.т. С.Б. мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштери ошол күндөн бери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу