Жаңылыктар

03.11.2024 19:00

   Кароолор: 694

ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШИ КЕЧ КИРГЕНДИКТЕН ТОКТОТУЛДУ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу саат 18:40да убактылуу токтотулду. Эртең, 4-ноябрда кайрадан таң эрте улантылат.

Бүгүн издөө иштерине 64 адам, 6 дрон тартылган.

Издөө иштери жеринде министрдин орун басары, генерал-майор У.Шамыркановдун жетекчилигинде жүргүзүлүп, тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу