Жаңылыктар
09.11.2024 20:15
Кароолор: 337
ЖУМГАЛДА ИЗДӨӨ ИШИ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголуп жаткан ата-баланы издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 10-ноябрда уланат. Бүгүн, издөө ишине ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 24 адам чыгышты.
Ошондой эле 4 рация, 2 дүрбү, 1 автоунаасы тартылды.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө тынымсыз уланууда. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР