Жаңылыктар

27.10.2024 10:38

   Кароолор: 878

ЖУМГАЛДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖАРАНДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундарын издөө иши ӨКМ тарабынан 19-октябрдан бери уланууда. Бүгүн, 27-октябрда аймакка ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкерлер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышты.

Маалыматка ылайык аталган жарандар ушул жылдын 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 номерине 19-октябрь күнү кабарланган.

Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.

Белгилей кетсек, ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт. Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат.

Мындан сырткары аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы ж.б. шарттар эске алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу