Жаңылыктар

14.11.2024 17:30

   Кароолор: 295

ЖУМГАЛДА ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДАРДЫН БИРӨӨСҮ ТАБЫЛДЫ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарып жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургундун (ата-бала) бирөөсүнүн денеси бүгүн, 14-ноябрда туугандары тарабынан табылып, сөөгү Жумгал райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган К.Б.нын (атасы) сөөгү Жумгал менен Токтогул району чектешкен аймакта Көкөмерен суусунан табылган. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу