Жаңылыктар

29.10.2024 18:57

   Кароолор: 288

ЖУМГАЛДА ДАЙЫНСЫЗ ТУРГУНДАРДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНТЫЛАТ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында дайынсыз жоголуп жаткан эки тургунду издөө иштери кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 17:53тө убактылуу токтотулду.

Бүгүн, 29-октябрда издөө иштерин күчөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 46 куткаруучу жана 6 дрон жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 94 адам тартылды.

Издөө иштерине тартылган жалпы өздүк курам 14 топко бөлүнүп, Өрнөк айылынан баштап, Көкө-Мерен суусун бойлой Нарын дарыясына кошулган жерге чейин издөө иштерин жүргүзүштү. Эртең, 30-октябрда улантылат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Ошондон бери издөө иштери тынымсыз уланып келет.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу