Жаңылыктар
05.11.2024 09:27
Кароолор: 517
ЖУМГАЛДА АТА-БАЛАНЫ ИЗДӨӨ ИШИ УЛАНУУДА
Бүгүн Нарындын Жумгалында ата-баланы издөө кайрадан таң эрте уланды. Ага жалпысынан 26 адам, 2 дрон тартылды.
ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгына караштуу Жумгал райондук бөлүмүнүн куткаруучулары, милиционерлер жана жергиликтүү тургундардан издешет.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн.
Учурда жеринде ӨК министринин орун басары генерал-майор Урматбек Шамырканов издөө иштерин координациялоодо.
Издөөнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР