Жаңылыктар

31.10.2024 08:07

   Кароолор: 364

ЖУМГАЛДА АТА-БАЛАНЫ ИЗДӨӨ 7:00дө БАШТАЛДЫ

Жумгалдын Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши бүгүн кайрадан таң эрте саат 7:00дө башталды. Бул тууралуу ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевге ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнест Дыйканбаев жеринен доклад берди.

Анын айтымында, ушул саатка карата ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлеринен турган топтор издөө иштерин баштоого киришти.

Бүгүн жергиликтүү тургундар менен биргеликте 106 киши издөөгө тартыларын, Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясынын жээктери 30 чакырым арылыкка чейин издөө иштери мерчемделгенин билдирди. Ошондой эле бүгүн Жалал-Абад облусунда "Камбар-Ата" ГЭСине жана "Токтогул" суу сактагычына чейин барган Нарын дарыясынын жээктери дагы Токтогул райондук ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлеринен турган эки топ издөө иштерин жүргүзөрү белгиленген.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу