Жаңылыктар
02.02.2025 09:53
Кароолор: 634
ЖҮК ТАШУУЧУ УНААДАН ТУТАНГАН ЖАЛЫН КАФЕГЕ ӨТКӨН. ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө бүгүн, 2-февралда “Вольво 420” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан (ичинде газовый баллондор жүктөлгөн) өрт чыгып, жакын жайгашкан "Жигитос" кафесине өткөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 09:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.
(Сүрөт архивден)
КР ӨКМ РЕСС-БОРБОР