Жаңылыктар

01.05.2024 10:36

   Кароолор: 174

ЖООКЕРЛЕР “СУЛАЙМАН-ТОО” УЛУТТУК ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙИН КӨРҮШТҮ

1-май – Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жоокерлери үчүн маданий эс алуу уюштурулду.

Жоокерлердин мекенчилдик сезимин ойготууга, Ата Мекенди сүйүүгө, коргоого тарбиялоо максатында отряд командири демилгелеген.

Мындан улам бүгүн ӨКМ жоокерлери "Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине барып келишити. Алар музейдеги тарыхый, маданий баалуулуктар менен таанышып, кыргыз элинин байыркы жашоосуна баш багышты.

Маданий эс алууга улай майрамдык сый тамак уюштурулуп, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командири жалпы жоокерлердин кызмат өтөөсүнө ийгиликтерди каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу