Жаңылыктар
14.12.2023 13:25
Кароолор: 333
ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 5 ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 14-декабрында Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу автоунаа жолунун 19-чакырымында "Хонда адисей" үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги дарака урулган. Ичинде 3 аял 2 жаш бала болгон.
Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБнын авариялык куткаруу унаасы (АСМ) менен 5 куткаруучу тартылып, аталаган 5 жаранга жардам көрсөтүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР