Жаңылыктар
28.02.2025 11:43
Кароолор: 1098
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ӨКМдин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборуна бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаттары келип, борбордун ишмердүүлүгү, негизги функционалдык милдеттери жана техникалык шарттары менен таанышууда.
Эл өкүлдөрүнөн турган делегатты Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев баштаган жетекчилер тосуп алды.
Министр алгач мекеменин алдыга койгон негизги артыкчылыктуу багыттары, дүйнөлүк кризисттик шартта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам таасир этүү аракеттери, ӨКМ куткаруучуларынын, өрт өчүрүүчүлөрдүн аткарган күжүрмөн эмгектери жана алардын жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди.
Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ККББда жайгашкан “112” бирдиктүү кызматынын жарандардан түшкөн чалууларды кабыл алуу, билдирүүлөрдүн багытына жараша андан ары кызмат көрсөтүүсү, стратегиялык унаа жолдордогу өткөрмө пункттары онлайн көзөмөлдөнүп, жол кырсыктарын, унаа тыгындарын болтурбоо максатында күнү-түнү камералар иштеп турарын маалымдады.
Муну менен катар өрт өчүрүүдөгү тоскоолдуктар тууралуу депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатып, Азамат Мамбетов “Кудайберген” базарында тутанган ири өрт кырсыгынын мисалында жооп берди. Анын айтуусунда, унаалардын башаламан токтоосу, ар кандай жыш курулмалар өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратат ага карабастан, өрт өчүрүүчүлөр көрөгөчтүк жана пландуу аракеттери менен убагында тилсиз жоону курчоого алып, өчүрүүдөгү эмгеги зор.
Ошондой эле министрдин биринчи орун басары өткөн жыл ичинде катталган табигый кырсыктар, алардан келтирилген материалдык чыгымдар, жаратылыш апааттарынын кесепеттерин жоюу ишмердүүлүгүнүн жүрүшү, жыйынктары жана башка жетишилген эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери туурасында слайд түрүндө кенен маалыматтык баяндама берүүдө.
Белгилей кетсек, делегаттын курамында эл өкүлдөрү Улугбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Медербек Алиев, Бахридин Шабазов, Нурбек Сыдыгалиев, Русланбек Жакышов, Советбек Рустамбек уулу жана башкалар бар.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР