Жаңылыктар
06.09.2024 17:57
Кароолор: 430
ЖККУнун “СКАЛА – 2024” МАШЫГУУСУНДА КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
1-5-сентярбрь күндөрү Казакстандын Алматы облусунун Тамгалы Тас капчыгайында жайгашкан атайы машыгуу талаасында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун “Скала – 2024” атайы машыгуусу өттү.
Машыгууга Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Таджикстандын куткаруучуларынан турган командалар катышты.
Ага ылайык 5 мамлекеттин куткаруучулары жабырлануучуну эки машыгуу тилкесинен, тактап айтканда тоо боорунан жана уранды астынан ыкчам алып чыгуу аракетин көрсөтүшүп, күч сынашты.
Жыйынтыгында 1-орунду Казакстан, 2-орунду Беларусия, 3-орунду Кыргызстан, 4-орунду Россия, 5-орунду Таджикстан өлкөсүнүн куткаруучуларынан турган команда ээледи.
Куткаруу ишиндеги кесипкөйлүктү, ыкчамдуулук жана жогорку потенциалды көрсөтө алган кыргыз куткаруучулары диплом, медаль жана ноутбук менен сыйланышты.
ЖККУнун өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багынтындагы “Скала – 2024” атайы машыгуусуна Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан полковник К. Айтымбетовдун жетекчилигинде 5 куткаруучу катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР