Жаңылыктар

03.09.2025 14:13

   Кароолор: 285

ЖККУнун ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН 16-ЖЫЙЫНЫ ЧОЛПОН-АТАДА ӨТӨТ

Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өтөт.

Координациялык кеңештин аянтчасына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча тиешелүү министрликтеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.

Жыйынды КР Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-лейтенант Бообек Ажикеев алып барат.

Күн тартибинде өзгөчө кырдаалдар жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө куткаруучу бөлүмдөрдүн аракетке даярдыгын жогорулатуу каралмакчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколдорго кол коюлат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу