Жаңылыктар

04.09.2025 11:44

   Кароолор: 313

ЖККУнун ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИТИН 16-ЖЫЙЫНЫ ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин төрагалыгы менен Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өз ишин баштады.

Координациялык кеңештин аянтчасына Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков, Беларусь Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Вадим Синявский, Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Аринов, Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын жана кесепеттерин жоюу министри Александр Куренков, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Ражабали Рахмонали катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө эл аралык уюмдардын потенциалын пайдалануу максатында, ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралып, ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 2025-жылга карата ишинин жыйынтыгы, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы талкууланууда.

Мындан тышкары, жыйындын күн тартибинде ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмдөрүнүн катышуусунда «Скала-2026» атайын машыгуусуна даярдык көрүү, ишке ашыруу боюнча биргелешкен машыгуулары жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тартиби жөнүндө жобо (ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы тиешелүү чечими менен бекитилген), ошондой эле ЖККУнун алкагында гуманитардык жардам көрсөтүү борборлорунун тармагын жамааттык коопсуздуктун региондорунда жайгаштыруу каралды.

Ал эми өткөн он бешинчи жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын натыйжалуулугу боюнча маалыматын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев билдирди.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы өз сөзүндө, бүгүнкү жолугушуу биримдиктин жана мезгилдин чакырыктарына биргелешип жооп кайтарууга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин коопсуздугун камсыз кылууга даяр болуунун жаркын үлгүсү экенин баса белгиледи.

КР ӨКМ ПРЕСС- БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу