Жаңылыктар

05.09.2025 11:58

   Кароолор: 355

ЖККУнун ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖККУнун ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кечээ, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны жыйынтыкталды.

16-отурумга Белоруссиянын, Казакстандын, Россия Федерациясынын, Тажикстандын, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жетекчилери жана ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышты.

Делегаттар Координациялык кеңештин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планын карап чыгышты.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажикеев өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдар багытында тыгыз кызматташтыгы болбосо, туруктуу келечек мүмкүн эместигин белгиледи:

«Күчүбүздү бириктирүү менен өлкөбүздү өзгөчө кырдаалдардан коргой алабыз, биздин күчүбүз – биримдикте, ийгилигибиз – ынтымакта, жолубуз – коопсуздук үчүн эффективдүү кызматташууда», - деп баса белгиледи Координациялык кеңештин төрагасы Бообек Ажикеев.

ЖККУ жыйынынын катышуучулары 2026-жылы өткөрүлө турган “Скала” атайын машыгуусун талкуулашты. Машыгуу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.

Иш-чаранын негизги багыты – табигый, техногендик кырсыктардан келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгууга бурулду.

Ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериковдун айтымында, бир катар мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин сунушу менен Борбор Азия чөлкөмүндө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштерин координациялоо үчүн гуманитардык борбор түзүү маселеси каралды.

Отурумдун жыйынтыгында Кеңеш бул демилгени баалоо, аны ишке ашыруунун практикалык бөлүгүн иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алды.

Беларусь Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Вадим Синявский өз сөзүндө, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигинин жогорку деңгеелин баса белгилеп, куткаруучу органдардан калктын коопсуздугун жана азыркы шартта эл чарбасынын иштешин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү талап кылат.

Координациялык кеңештин ишинин жүрүшүндө катышуучулар өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө алардын потенциалын пайдалануу максатында эл аралык уюмдар менен мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын талкуулашты.

Жыйындын соңунда Өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин ыйгарым укуктуу мүчөлөрү Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренковду ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 17-жыйынынын төрагалыгына шайлашты.

Александр Куренков ЖККУга мүчө-мамлекеттердин куткаруу бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү натыйжалуу координациялаганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматташуу жана өз ара колдоо принциптерине негизделген Координациялык кеңештин ишин мындан ары да жетектей турганын ырастады.

Ал ошондой эле ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 17-отурумун 2026-жылдын июнь айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу