Жаңылыктар

17.09.2025 15:07

   Кароолор: 32

ЖККУнун "ЧЕК-2025" КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "20636" аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу талаасында Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусунун ачылыш аземи өттү.

Машыгуу "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунуна мүчө-мамлекеттин аймагына мыйзамсыз кирген куралдуу түзүмдөрүн жок кылуу боюнча Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү жана жүргүзүү» темасында өтүүдө.

«Чек-2025» эл аралык машыгуусуна Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин аскердик контингенттери, ЖККУнун Катчылыгы, Бириккен штабынын өкүлдөрү жана өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катышууда.

ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз сөзүндө: "Машыгуунун башталышы эл аралык татаал кырдаалда болууда. Дүйнөнүн ар кандай аймактарында жаңы чыңалуулар пайда болуп жатат, мурунку конфликттер күчөгөндөй.

Борбор Азия аймагы үчүн негизги коркунуч — Жакынкы Чыгыштан экстремисттик радикалдык уюмдардын биздин өлкөлөрдүн түштүк чек аралары аркылуу өтүшү, алардын идеологиясынын жайылышы, жаштарды террористтик уюмдарга тартуу

ушул шарттарда, аскерий тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн улуттук армиялардын, укук коргоо органдарынын мамлекеттер аралык жана ЖККУнун Коллективдүү күчтөрүн чыңдоо зарылдыгы турат"-, деп баса белгиледи.

"Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда өтүп жаткан машыгууга 1200 адам катышып, 500 аскер жана атайын техникалар, учактар, учкучсуз учуучу аппараттар, суу үстүндө согуштук катерлер тартылган.

Эскерте кетсек, 2001-жылы ЖККУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен түзүлгөн Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүнө заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылган туруктуу даярдыктагы аскер бөлүктөрү кирет. Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн негизги милдеттери тышкы аскердик агрессияны токтотуу жана биргелешкен контртеррористтик операцияларды өткөрүүгө катышуу болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу