Жаңылыктар

30.01.2024 17:28

   Кароолор: 427

ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН САКТАНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн ӨКМдин Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан райондун Кызыл-Суу айылындагы С.Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жер титирөө катталган учурда, жарандардын өзүн алып жүрүүсү боюнча атайын тактикалык машыгуусу өттү.

Машыгууда кырсык катталган учурда мектептин окуучулары жана мугалимдери коопсуз жайга эвакуацияланып, "Кызыл жарым Ай" коомунун ыктыярчылары жабыркаган жарандарга биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын көрсөтүштү.

Ал эми ӨКМдин адистери жер титирөөдөгү, өрт, суу жана башка кырсыктардагы коопсуздук эрежелери боюнча маалымат беришип, атайы видео материалдар менен кеңири түшүндүрүштү .

Белгилей кетсек, райондогу Кызыл-Суу айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан LED экранга жогоруда аталган коопсуздук эрежелерин камтыган видео күнү-түнү көрсөтүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу